КАЛПАК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015 1. Ак кийизден төбөсүн бийик, төрт кыйык, этегин жазы кылып, түрүп, кайырып коюуга ылайыкталып жасалган улуттук баш кийим. Аппак кийиз калпактар менен кызыл жоолуктар кылкылдайт (Бейшеналиев). Манас, Манас болду эми, Манас атка конду эми, Ак калпакты кийди эми («Манас»). Калыйча эң кооз папиктерди кадаган келишимдүү ак калпак жасачу (Абдукаримов). 2. Жалпы эле башка кийилүүчү жеңил баш кийим, шляпа. Магазиндерге чий калпак, кышкы калпак дегендер көп болгону түзүк («Ала-Тоо»).